«Кыргызтелеком» ААК ишканасына көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн, тактап айтканда жанаша жайгашкан аймакты кардан жана муздан тазалабаганы үчүн протокол түзүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.

 Мындан тышкары, Поваринская жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Райкан КР» ЖЧКсына, Ибраимов көчөсү  №57/24 дарегиндеги «Фармамир» ЖЧКсына, Горький көчөсү 29/1 дарегиндеги «Berlin» пабына, Көлбаев көчөсү  №21а дарегиндеги «Азия Ретейл» ишканасына айып салынган.

«Сүйөркулов көчөсү  №20 дүкөндүн айланасындагы антисанитардык абал үчүн шаар тургуну  А.С.Серков, Айни көчөсү  63-үйдө жашаган Бектурсун Э. айып пул төлөшөт.

Бардык тартип бузгандар КР Кылмыш-жаза кодексинин 114-беренесине ылайык 3000 сомдон 13000 сомго чейин жоопкерчиликке тартылат.

Урматтуу шаар тургундары! Бишкек шаарынын мэриясы көрктөндүрүү эрежелерин сактоого чакырат, антпесе муниципалдык инспекция Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык чараларды көрөт», -деп айтылат маалыматта.

От admin