Январь-июнь айларында Жогорку Кеңешке 571,7 миллион сом акча бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлады.

Акчанын көпчүлүк бөлүгү айлык акыга кеткен. Ага398,5 миллион сом жумшалды. Андан тышкары, 57,2 миллион сом ар кандай товар же кызмат сатып алууга, дагы 53,9 миллион сом Социалдык фондко чегирилди.

Депутаттардын кызматтык сапарына 15,5 миллион сом, байланышка — 2,3 миллион сом бөлүндү.

Жогорку Кеңештин төрагасынын резерв фондунун чыгымы 12,6 миллион сомду түздү.

От admin