2023-жылдын 18-декабрынан тартып Чүй проспектисинин Ибраимов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгүндө маршруттук каттамдардын кыймылы толугу менен альтернативалык көчөлөргө — Киев, Токтогул, Фрунзеге багытталат.

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин маалыматы боюнча, жогоруда көрсөтүлгөн участоктогу кичи автобустардын кыймылын өзгөртүү боюнча бул чаралар маршруттук схемаларды оптималдаштырууга байланыштуу кабыл алынууда.

Өзгөртүүлөр бир катар каттамдарга таасирин тийгизет, анын ичинде: №172, №169, №225, №163, №220, №203, №215, №136, №137, №104. , № 164, № 222, № 135, № 192, № 166, № 258, № 243, № 138, № 176, № 199, № 179, № 260, № 211, № 185, № 250, № 254, № 285, № 111, № 216, № 134, № 202, № 208, № 227, № 143, № 129. жана № 240.

Урматтуу шаар тургундары! Коомдук транспорт боюнча кайрылуулар үчүн байланыш: 0(502)205-202.

От admin