Бишкек шаарынын көчө- жол тармагынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында мурда макулдашылган бир тараптуу жана эки тараптуу кыймыл схемасына айрым өзгөртүүлөр киргизилет.

Ошентип, коопсуздукту камсыз кылуу үчүн бардык зарыл болгон жол белгилерин   орнотуу менен көчөлөрдүн төмөнкү тилкелеринде эки тараптуу кыймыл уюштурулат:
—  Т.Кулатов көчөсүнүн   И.Панфилов көчөсүнөн Ю.Логвиненко көчөсүнө чейинки бөлүгү;
—   Ж.Бөкөнбаев көчөсүнүн   Эркиндик проспектисинен Ж.Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү.

Мындан тышкары, көчөлөрдүн төмөнкү тилкелеринде бир тараптуу кыймыл уюштурулат:

— Ж.Турусбеков көчөсү    Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө карай);
— Т.Үмөталиев көчөсү   Жибек-Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүккө карай);
— К.Акиев көчөсү Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө карай);
— К.Тыныстанов көчөсү  М.Фрунзе көчөсүнөн Ж.Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүккө карай);
— И.Раззаков көчөсү   Киев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүккө карай);
— А.Орозбеков көчөсү  Москва көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө карай);
— Гоголь көчөсү   Жумабек көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин (түндүктөн түштүккө карай);
— А.Сүйүмбаев көчөсү   Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине  чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө карай).

Эскерте кетсек, жогоруда аталган көчөлөрдө жол кыймылынын тартибине өзгөртүүлөрдү 2024-жылдын 8-январына чейин киргизүү пландалууда.

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы жогорудагы өзгөрүүлөргө түшүнүү менен мамиле жасап, жолдордо этият болуп, жол эрежесин сактоону суранат.

От admin