“Жашыруун (конфиденциалдуу) төрөт маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамынын долбоору коомдук талкууга коюлду.

Маалыматка караганда, бул мыйзам долбоору адамдардын саламаттыгынын сакталышын камсыз кылууну, менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүнү караган. Ошондой эле ооруканалардан башка жерлердеги кооптуу төрөттөрдүн санын азайтуу жана жаңы төрөлгөн ымыркайларды бөлөк адамдарга таштап кеткен энелерге альтернатива берүүнү көздөйт.

«Жашыруун төрөттүн алкагында эне атайын мекемеде төрөп, өзүнүн инсандыгын жана аты-жөнүн үчүнчү жактарга, анын ичинде төрөт процессине катышкан дарыгерлерге жана медициналык кызматкерлерге билдирбестен, конфиденциалдуу бойдон калуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.Мамлекеттик саламаттык сактоо системасын модернизациялоо, кош бойлуулугун жашырган эненин жана ымыркайдын өмүрүн жана ден соолугун сактоо аркылуу адамдардын ден соолугун коргоо деңгээлин жогорулатуу ушул мыйзам долбоорун иштеп чыгуунун негизги максаты болуп саналат.

Бул учурда энеге да, ымыркайга да квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүлөт, бул үйдөгү төрөт учурунда көп кездешүүчү ар кандай кыйынчылыктардын алдын алууга өбөлгө түзөт.

Мыйзам долбоорунун милдеттери болуп пландаштырылбаган төрөт учурунда эненин жеке маалыматтарын коргоо жана анын купуялуулугун сактоо саналат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эне жаңы төрөлгөн ымыркайды баланы багуу жана андан ары асырап алуу процесси үчүн шарттары бар атайын дайындалган мекемеге калтыра алат.

Жалпысынан, жаңы төрөлгөн ымыркайларды таштап кетүүнүн алдын алуу бардык балдар үчүн коопсуз жана колдоого алуучу чөйрөнү түзүү үчүн мамлекеттин, коомчулуктун жана үй-бүлөнүн биргелешкен күч-аракетин талап кылат», — деп айтылат маалыматта.

Коом мамлекеттик айыптоочунун позициясында туруп алып, айласы кеткен аялдын баласынан баш тартып жатканына эмне түрткү болуп жатканын билгиси келбесе, абал жакшы жакка өзгөрбөйт. Бактылуу аял эч качан өз балдарын таштабайт, эгер аял кыйын учурда жардам сурай турган киши таппаса, ушундай маселелер дайым трагедия менен аякташы толук мүмкүн. Демейде, мындай аялдар өзүнө да, балага да зыян келтирип, гинекологго да катталбайт.

«Ушул сыяктуу учурлардын көпчүлүгүндө, аял узак убакыт бою баладан кантип кутулууну ойлонот. Мындайда ал ымыркайды өлтүрүп, өзүнүн анонимдүүлүгүн сактап калуу максатында, аны бирөө-жарым таап, таанып же жазалабасын үчүн жакындарынын жана коомдун айыптоолорунан “коргонуу” чечимин кабыл алат. Бул аялдар көбүнесе өз алдынча жардам сурай алышпайт. Биринчиден, алардын социалдык компетенциясы жана билими жетишсиз болсо, экинчиден, бүтүндөй коомдук айыптоо, жалгыздык жана эч кимге керексизмин деген ой-сезим үстөмдүк кылат. Расмий мамлекеттик органдарга жардам сурап кайрылуу аялдын атын жашыруу жана баладан күбөлөрсүз кутулуу чечимин гана бекемдейт, анткени көп учурда көйгөйдү туура билдире албагандыктан, аял бийлик өкүлдөрүнүн баш тартуусуна, кабыл албоосуна жана жамандоолоруна кириптер болот», — деп айтылат маалыматта.

Медициналык мекемелердин башкы дарыгерлеринде жашыруун төрөгүсү келген аялдарды медицина кызматкерлери тарабынан кантип каттоо иш-аракеттеринин регламенти жок болгондуктан, төрөп жаткан аялга медициналык жардам көрсөтпөйбүз, же медициналык мекемелерде төрөттү кабыл алуудан баш тартабыз деп, алардын жеке маалыматтарын ачыктоого мажбурлашат.

Баланы таштап кете турган учурда конфиденциалдуулукту сактоо кепилдиги менен адистештирилген жашыруун төрөт бөлүмдөрүн түзүү бир катар көйгөйлөрдүн алдын алуунун натыйжалуу куралы болуп калышы мүмкүн. Мисалы, социалдык жетимдик. Адистештирилген бөлүмдөрдүн ишин уюштуруу мындай чечимди кабыл алууга аргасыз болгон аялдар үчүн баладан баш тартуунун алдын алуу боюнча адистер менен түз байланышууга жол ачат. Өз убагында кесипкөй жардам жана камкор мамиле аялдын баласынан баш тартуу чечимине кескин түрдө таасир этип, бул иштин алдын алат. Ал эми жаңы төрөлгөн баласын социалдык кызматтардын жана коомдук уюмдардын күчү менен багуу чечимин кабыл алган аялга төрөттөн кийин колдоо көрсөтүү ага бир кезде баладан баш тартуу жөнүндө ойлонууга себеп болгон кыйынчылыктарды жеңип өтүүгө мүмкүндүк берет.

Медициналык сырды ачыкка чыгаргандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги бар болгон үчүн аялдар да купуялуулук жана конфиденциалдуулук сакталат деп кабатыр болушпайт эле. Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу менен кооптуу төрөт көйгөйү чечилет. Антисанитардык шарттарда үйдө, жертөлөдө, гараждардагы төрөттөр эне менен баланын өлүмү же ооруга чалдыгуусу сыяктуу кайгылуу кесепеттерге алып келиши толук мүмкүн эмеспи. Жашыруун төрөт мүмкүнчүлүгү мамлекет жаңы төрөлгөн баланы таштап кетүүгө көмөктөшөт жана кубаттайт дегенди билдирбейт. Бирок ушундан тартып конфиденциалдуу төрөт мыйзамдаштырылса, бул аялдын өзүнүн чыныгы атын жашырууга көмөк берип, анын орду толгус ката жасабастан, баланы төрөө фактысын жашырууга жардам берүүнүн жалгыз мүмкүнчүлүгү болуп турат.

Аял баланы төрөт үйүнө калтыруу менен, мамлекеттин карамагына өткөрөт да, мамлекет аны багып, ага кам көрөт. Кийинчерээк бала асырап алынышы мүмкүн, бирок бул процесс баладан баш тартканга караганда узагыраакка созулат. Анткен менен баланы таштандыга же көчөгө ыргытпастан, аял гумандуураак мамиле жасаган болмок.

От admin