Президент Садыр Жапаров экинчи Элдик курултайдын делегаттарынын суроолоруна жооп берип жатып, тууну өзгөртүү идеясы төрага Нурланбек Шакиевге эмес, ага таандык экенин айтты.

«Мен делегация менен чогуу 3 жылдын ичинде 30дан ашуун өлкөгө бардым. Айрым учурда эки тараптуу жолугушуулар болгондо «силердин өлкөнүн пиоритети эмне? чемичке өндүрүп май чыгарасыңарбы?” деген суроолор болот. Мен дароо кеп желек жөнүндө болуп жаткандыгын түшүнөм. Ошондон кийин төрагага келип, «Нурлан ушундай болуп атат. Желекке оңдоп-түзөтүү киргизүү менин ыйгарым укугума кирбейт. Жогорку Кеңешке туунун авторлорун чакырып кеңешип мүмкүн желектеги күндүн нурун кичине түздөп койбойсуңарбы» деп сурандым. Ошондуктан Нурланбек Шакивди эмес, мени тепкилегиле», — деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы сөзүнүн аягында залда отургандардан желекке өзгөртүү киргизүү демилгесин колдоп берүүнү суранды.

От admin