Бишкекте Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында мамлекеттик масштабдагы экинчи Элдик курултай ишин улантууда.

Курултайдын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров курултайдын делегаттары тарабынан келип түшкөн суроолорго жооп берүүдө.

Өлкө башчысы белгилегендей, келерки жылы Токмок жана Кара-Балта шаарларын өнүктүрүүгө 1 млрд сомдон каражат бөлүнөт.

Анын айтымында, ушул тапта Каракол шаары көз алдыбызда өзгөрүп жатат.

“Мунун баары туристтерди тартуу үчүн жасалууда. Ошол сыяктуу эле Токмок, Кара-Балта шаарларына да көңүл бурабыз. Ал жактагы инфраструктураны жакшыртууга каражат бөлүп жатабыз”, — деди ал.

Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күнгө — 15-16-декабрга созулат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча экинчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.

Экинчи элдик курултайды өткөрүү боюнча президенттин тиешелүү жарлыгы ушул жылдын августунда чыккан.

Белгилей кетсек, биринчи Элдик курултай 2022-жылдын 25-26-ноябрында өткөн. Анда өлкө аймагынан келген 1000дей делегат катышкан.

От admin