Бишкекте Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында мамлекеттик масштабдагы экинчи Элдик курултай ишин улантууда.

Курултайдын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров курултайдын өкүлдөрү тарабынан келип түшкөн суроолорго жоо берүүдө.

Курултайда Чүйдүн Шамшы айылынан келген делегат Калыйбек Бейшенказиев бир катар орчундуу маселелерди көтөргөн.

Президент Садыр Жапаров делегатка жооп берип жатып, Маданият министрлигине жылкы жана тайганды ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү боюнча иш алып баруусун тапшырды.

“Суунун тартыштыгы жоюлат. Алдыда буюрса БСР, БДРлер курулат. Ал эми транспорт маселесине токтолсом, Шамшы айылына автобус жүргүзүлөт. Өзүңүздөр күбө болгондой Бишкек шаарына 1,5 миң автобус алынып келүүдө. Май-июнь айларында Бишкектен кичиавтобустар чыгарылат. Ал эми ошол кичиавтоубстар аймактарга, айылдарга, райондук борборлордон шаарларга каттайт”,- деди өлкө башчысы.

Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күнгө — 15-16-декабрга созулат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча экинчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.

Экинчи элдик курултайды өткөрүү боюнча президенттин тиешелүү жарлыгы ушул жылдын августунда чыккан.

Белгилей кетсек, биринчи Элдик курултай 2022-жылдын 25-26-ноябрында өткөн. Анда өлкө аймагынан келген 1000дей делегат катышкан.

От admin