Президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан II Элдик курултайда делегаттын Кыргызстанда жумуш орундарын түзүү боюнча өтүнүчүнө жооп берип жатып, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 10 миңге жакын бош жумуш орундары бар экенин айтты.

Президент бул жумуш орундары тигүү жана курулуш тармагында экенин белгиледи.

«Барыңыздар жакшы билесиздер азыр коңшу өлкөлөрдөн келип, курулуш тармагында эмгектенип жатышат. Биздин мекендештар мисалы Россияда деле 60-70 миңден айлык акы алышат, бизде деле ошол акча. Келгиле деп атабыз, бирок келбей жатышат. Кудай буйруса мындан ары дагы жумуш орундары түзүлөт. Анткени, келерки жылы өлкөдө масштабдуу ири курулуштарды баштоо менен дагы жумуш орундарын түзөбүз. Келечекте миграция кетпей, өз өлкөбүздө иштеп аракет кылсак жакшы болмок», — деди президент.


Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күнгө — 15-16-декабрга созулат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча экинчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.

Экинчи элдик курултайды өткөрүү боюнча президенттин тиешелүү жарлыгы ушул жылдын августунда чыккан.

Белгилей кетсек, биринчи Элдик курултай 2022-жылдын 25-26-ноябрында өткөн. Анда өлкө аймагынан келген 1000дей делегат катышкан.

От admin