Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Элдик курултайдын экинчи күнү өтүп жатат.

Курултайда президент Садыр Жапаров кадр маселеси боюнча делегаттардын кайрылууларына жооп узатты.

«Кадр маселеси көйгөй бойдон калууда. Советтер союзу мезгилинде атайын кадрлар даярдалып чыкты. Кийин андай болбой калды. Тааныш-билиш аркылуу жумушка орношуп келдик. Акыркы үч жылдан бери мындай практиканы жок кылдык. Бирок дагы деле резюме көтөрүп алып бир министр экинчисине кирип атат. Мага да келгендер болду. Баарын чогултуп, тиги же бул адамды жумушка коюп бер деп суранса, жумуштан алам дедим. Ошондон кийин токтоп калды. Айрым кезде жума сайын кадрларды алмаштырган учурлар болду. Анткени, алар өздөрү ар кандай иштерге аралашып кетүүдө. Айрымдары пара алса, кээ бирлери жумушту алдыга жылдыра албай атат», — деп баса белгиледи президент.

Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында 250 орунга ылайыкташтырылган «Акылман» президенттик лицейин иштеп, анда учурда 75 бала билим алып жаткандыгын эске салды.

«Аталган лицейде келечектеги мыкты кадрлар даярдалып чыгат», — деп баса белгиледи президент.


Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күнгө — 15-16-декабрга созулат.

От admin