Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинге өлкөнүн Ганьсу жана Цинхай провинцияларында жер титирөөнүн кесепетинен көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“Жер титирөөнүн кесепетинен Кытай Эл Республикасынын Ганьсу жана Цинхай провинцияларында көптөгөн адамдардын курман болгондугу жана жабыркагандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө, жакындарына көңүл айтам жана жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалайм. Орду толгус оор жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз”, — деп айтылат телеграммада.

Белгилей кетсек, күн мурун Кытайда жер титирөөдөн 100дөн ашык киши каза болуп, 400дөй адам жаракат алды.

Reuters агенттиги Кытайдын мамлекеттик басылмаларына шилтеме кылып билдиргендей, жер силкинүү түнкү саат 12лерде Ганьсу провинциясында катталып, жүздөн ашык киши каза болду. Коңшу Цинхай провинциясында да курмандыктар бар экени кабарланууда.

От admin