Бишкекте Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында экинчи Элдик курултай ишин улантууда.

Курултайдын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров курултайдын катышуучулары тарабынан келип түшкөн суроолорго жооп берди.

Россиянын Иркустк шаарынан келген делегат Тынчтык Абдылдаев шайлоого катышпагандар тууралуу маселе көтөргөн.

“Сиз эң туура маселе көтөрдүңүз. Кечээ жакында Бишкек шаарынын Ленин районунда эки жолу шайлоо өтүп, бирок эл дээрлик шайлоого катышкан жок. Масштабдуу шайлоолордо деле, презденттик болобу, парламенттик болобу эл келбейт. Калк абдан кайдыгер мамиле жасайт. Анан шайланган президентке же депутатка туура эмес шайланды деп беш жыл бою нааразы болуп жүрөт. Ар кимибиздин жарандык позициябыз бар. Бар шайла, жарандык позицияңды билдир”, — деди президент.

Ошону менен бирге өлкө башчысы кыргызстандыктарга кайрылып, шайлоого активдүү катышууга чакырды.

Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күнгө — 15-16-декабрга созулат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча экинчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.

Экинчи элдик курултайды өткөрүү боюнча президенттин тиешелүү жарлыгы ушул жылдын августунда чыккан.

Белгилей кетсек, биринчи Элдик курултай 2022-жылдын 25-26-ноябрында өткөн. Анда өлкө аймагынан келген 1000дей делегат катышкан.

От admin