Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарды алдыдагы сууктан улам Казакстан аркылуу саякатка чыкпоону эскертти.

«Үстүбүздөгү жылдын 5-декабрынан тартып Казакстандын бардык аймагында туман жана катуу шамал менен коштолгон кескин суук күтүлүп жатканына байланыштуу Россиядан Казакстандын аймагы аркылуу транзит менен жерде жүрүүчү транспорт менен кайтып келүүнү пландап жаткан Кыргызстандын жарандарына убактылуу жолго чыгуудан баш тартууну сунуштайбыз», — деп айтылат маалыматта.

Министрлик жарандарга сапарларын Казакстандын аймагында жакынкы күндөрү күтүлүп жаткан аба ырайынын шарттарын эске алуу менен пландаштырууну сунуштайт.

От admin