2023-жылдын 1-декабрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматы тарабынан кайтарылган чарбалык субъектилердин жетекчилерине «Санариптик күзөт» долбоорунун иши көрсөтүлдү.
Иш-чарага Финансы министрлигинин, Бишкек шаарынын Мэриясынын, КР Жогорку сотунун Сот департаментинин, КР Улуттук банкынын, Суу ресурстары кызматынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Мамлекеттик имараттар департаменти” МИнин, «Айыл банк» ААК, «Кыргыз Алтын» ААК, «Бакай Банк» ААК, «Алтын Кен» ЖЧК, «Бишкексууканал» ӨЭБ, Бишкек шаарынын Октябрь районунун администрациясынын, «Центрион» ЖЧК, «СБТ» ЖЧК, И. Ахунбаев атындагы КММАнын, И.Раззаков атындагы КМТУ, “Элита” дүкөнүнн жана башка мекемелер жетекчилиги катышышты.
Келген меймандарга ИИМдин Күзөт кызматынын “Санарип күзөт” борборунда Бишкек шаарынында жайгашкан орто мектеп жана банк мекемесин айгай белгиси боюнча GPS-картасы, боди-камера менен камсыздалган кармоо топторунун тейлөөсү түз көргөзүлдү.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Ички иштер министрлигинин санариптештирүү боюнча койгон талаптарын аткарууда ИИМдин Күзөт кызматы этап-этап менен көптөгөн иш аракеттерди аткарып келүүдө.
Долбордун алкагында, кайтарууда турган объектилердин автоматташтырылган толук базасын түзүүдө, анын ичинде ар бир объектинин чиймелери, фотосүрөттөрү, жоопкер адамдарынын тизмеги жана кайтаруу каражаттары аркылуу бөгөт коюу, кайтаруу зоналары боюнча маалыматтары ар бир пультта киргизилди; бирдиктүү бир сервердик башкаруу системасынан кармоо топторунун электрондук планшеттерине кайтарууда турган объектиден айгай сигналы автоматтык түрдө келип түшүшү каралды.
Жыйынтыгында ИИМдин Күзөт кызматынын БКПна видеодубал орнотулуп, бодикамералар Бишкек шаардык түзүм бөлүмдөрүнүн кармоо топторуна берилип, программалык жабдылыштары жүктөлдү.
Бодикамераларды кубаттандыруу убактысында чогулган маалыматтарды автоматтык түрдө көчүрүп алуучу архивдик сактоочу сервердик каражаттынын “Докстанциясы” компьютердик жабдыгы ИИМдин Күзөт кызматынын нөөмөт бөлүмүнө орнотулуп ишке берилди.
Иш-чаранын жыйынтыгында ИИМдин Күзөт кызматындагы колдоо көрсөткөндүктөрүүчүн чарбалык субъектилердин жетекчилерине Ардак грамоталар жана сыйлыктар тапшырылды.

От admin