Кадамжай РИИБдин жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчүлөрү демилге көтөрүп, район аймагында аз камсыз болгон, жакыр жашаган үй-бүлөлөргө жардам берди. Маалыматты Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди. 
    Жерине барып, ар бир үй-бүлөдөн кабар алып, алардын мектеп окуучуларынын шарттары менен таанышып, азык-түлүк жагынан жардам берди. Район боюнча жардамга муктаж үй-бүлөлөрдү аныктап, социалдык камсыздоо бөлүмүнө маалымат катары жиберилди.

От admin