Жогорку Кеңештин депутат Марат Мураталиев Таластагы “Чалдыбар мектеп-интернаты» менен “Манас” лицейинин ортосундагы теңсиздикти айтып чыкты.

Анын айтымында бул маселени былтыртадан бери айтып келе жатканын, алар барганда мугалимдер плакат менен чыкканын баса белгиледи.
Кечээ айтып атышат интернат менен жанагы “Манас” лицейи бир жерде тамак жешет экен, тигилердин тамагы башка булардыкы башка. Азыр айтса жактанып чыгасыңар да. Ошону бир карап мыйзамды өзгөртөбүзбү алып келбейсиңерби. Алардын арызын ошо замминистр Улан дегенге бергем, эч кандай ответ жок да» ,- деди депутат.

Эске салсак, Sokol.media сайтынын редакциясы Талас облусунун Бакай-Ата районунда жайгашкан Чалдыбар мектеп-интернатына барып, окуяны жеринен тартып келген.

Маалыматка таянсак, ал мектеп учурда эмне үчүн балдарды кабыл албай жаткандыгын тактап, ошол эле учурда бул мектептин имаратына башка жатак-лицей дагы билим берүү үчүн орун алып, ал эле эмес мектеп-интернаттагы окуган томолой жана жарты жетим балдар менен жатаканасын бир имаратка жайгаштыргандыгы белгилүү болгон.

Мектеп-интернатынын тарбиячысынын айтымында, жатак-лицейинин окуучулары менен алардын ашканасы бир, бирок тамак-ашы бөлөк.

Показать перевод

От admin