2023-жылдын 27-ноябрында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинде (“Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү”) каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Whatsapp мессенджеринде 8ге жакын группа — “Туса”, “Luxury”, “Голодные игры”, “Красотки”, “Top Girls”, “Болталка”, “Онли/KG”, ошондой эле Telegram мессенджеринде 2 группа – “Models 312”, “Голодные игры” бар экени аныкталды, алардын курамына 18 жаштан 25 жашка чейинки 200гө жакын модель кыздар кирип, акчалай сыйлык үчүн интимдик кызмат көрсөтүүдө. Ошол эле учурда, бир сааттык интимдик кызматтын баасы 300-3000 АКШ долларына чейин өзгөрүп турат, ага Instagram жана TikTok социалдык тармактарында популярдуу болгон жаш кыздар жана сулуулук сынагынын катышуучулары тартылган.
УКМКнын маалымат кызматы билдиргендей, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен аталган группалардын бардык катышуучулары такталып, кардарларды түздөн-түз издеп, жолугушуу жайларын сүйлөшүп жүргөн администраторлору жана менеджерлери 2002-жылы туулган С.С.Б. жана 1997-жылы туулган Т.А. кармалып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуадык кодексинин 96-беренесине ылайык, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда КР УКМК тарабынан группалардын башка уюштуруучуларын, ошондой эле бул мыйзамсыз аракеттерге колдоо көрсөтүүгө катышкан кызмат адамдарын аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

От admin