Бүгүн Бишкек мэриясынын, «Бишкекжылуулукэнерго» КИ жана «Газпром
Кыргызстан» компаниясынын өкүлдөрү №35 жалпы билип берүүчү мектебине
жана №12 бала бакчасына барышты.

«Газпром Кыргызстан» компаниясынын маалымат кызматы билдиргендей, иш сапардын жүрүшүндө жолугушуунун катышуучулары мекемелерде түзүлгөн жаңы шарттар менен таанышып чыгышты.
Бишкек шаарынын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев «Ушул жылдын башында «Газпром Кыргызстан» менен Бишкек шаарынын мэриясынын ортосунда борбор калааны газдаштыруу боюнча жол картасына кол коюлган. Буга чейин көмүр жагылып келген муниципалдык отканалар
ийгиликтүү жаратылыш газына өткөрүлдү. Мындай көрүнүш калктын ичинде көмүрдү керектөөнүн көлөмүн дээрлик 12 миң тоннага кыскартты. Бул шаардыктардын ден соолугуна жана абанын сапатын жакшыртууда оң таасирин тийгизет»
,-деди.
«Болуп өткөн жолугушуунун бардык катышуучулары белгилегендей, муниципалдык отканаларды которуу, албетте, шаардагы экологиялык абалды жакшыртууга таасирин тийгизип, атмосферадагы зыяндуу чыгындыларды кыйла азайтат жана көө, күл чыгаруу түйшүгү жоктугунан улам жылытууга кеткен чыгымдарды оптималдаштырат»,-деп айтылат маалыматта.

От admin