Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кооперативдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам турак жай-курулуш кооперативдерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну камсыз кылууга, турак жай-курулуш кооперативдерине кирүү жолу менен жарандардын турак жай сатып алууда укуктарын ишке ашырууга багытталган.

Мыйзам менен төмөндөгүдөй ченемдер каралган:
– турак жай-курулуш кооперативдеринин жана өз ара жардамдашуунун турак жай-топтомо кооперативдеринин ишин контролдоону жүзөгө ашыруучу орган, ошондой эле анын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;
– өз ара жардамдашуунун турак жай-топтомо кооперативдери жашоо үчүн багытталган кыймылсыз мүлктү сатып алуу боюнча биргелешкен ишти жүзөгө ашыруу үчүн гана түзүлөт. Иштин башка түрлɵрү каралбайт;
— турак жай, турак жай-эксплуатациялык же турак жай курулуш кооперативинин мүчөсүнүн үлүштүк салымы кооперативдин үлүштүк фондуна акча эквивалентинде төлөнөт. Жоготууларды жабуу же кооперативди үлүштүк фонддун эсебинен кармап туруу каралбайт;
– өзгөчө кырдаалдар үчүн фонд түзүү жана устав менен анын суммасын жана мүлкүнүн үлүшүн аныктоо керек, ал жок болсо, юстиция органдарында каттоого мүмкүн эмес;
– кооперативдин иши тышкы аудитордук текшерүүгө алынышы мүмкүн, аудитордук уюмду (аудиторду) тандоо кооперативдик кеңеш же ревизиялык комиссия тарабынан жүргүзүлөт. Мында аудитордук уюмду (аудиторду) тандоо конкурстук негизде жүргүзүлөт.

Мындан башка, кайсы болбосун кызыкдар жактын кооперативдин уставы менен таанышууга укугу белгиленген.

От admin