Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Пакистандын энергетика министри Мухаммад Али менен жолукту, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, министр Амангелдиев Кыргызстан Пакистан менен ар тараптуу байланыштарды чыңдоого кызыкдар экенин баса белгилеп, эки мамлекеттин бизнес чөйрөлөрүнүн жана өкмөттөрүнүн ортосунда алгылыктуу диалог сакталып жатканын белгиледи.

Министр Мухаммед Али эки өлкөнүн тең тарыхый байланыштары, маданий жана руханий баалуулуктары бар экенин, аларды экономикалык кызматташтыкка айландыруу керектигин айтты. Ал соода, энергетика жана жеке сектор чөйрөлөрүндө өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарын баса белгиледи.

Тараптар кызматташтыктын экономикалык күн тартибин талкуулашты жана эки өлкөнүн ортосундагы өз ара сооданын өсүү позитивдүү тенденциясы менен мүнөздөлөөрүн, ошондой эле андан ары диверсификациялоо жана кеңейтүү потенциалы бар экенин белгилешти.

Тараптар түз авиакаттамдарды түзүү, транзиттик каттам боюнча жүк ташууларды жандандыруу жана ишкердик байланыштарды түзүү боюнча эки тараптуу кызматташуунун жетишкендиктерин оң белгилешти.

Данияр Амангелдиев Кыргызстандын олуттуу гидроэнергетикалык потенциалына ээ экендигин эске алып, «CASA-1000» аймактык долбоорун ишке ашырууга көмөктөшүү, энергиянын кайра жаралуучу булактарын, чакан ГЭСтерди өнүктүрүү, пакистандык тарап менен кызматташууга анын ичинде чакан жана ири гидроэлектростанцияларды куруу жана модернизациялоого кызыкдарлыгын билдирди.

Ошондой эле алар маданий-гуманитардык кызматташуу, саламаттыкты сактоо, фармацевтика жана билим берүү тармагындагы өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Тараптар биргелешкен иш-чаралар кыргыз-пакистан кызматташтыгын чыңдоого жана кеңейтүүгө оң импульс берет деген ишенимин билдиришип, соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-пакистандык өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны, Кыргызстан-Пакистан бизнес форуму ийгиликтүү өтөөрүнө ишеним артышты.

От admin