Президент Садыр Жапаров бүгүн окумуштуулар менен илим ишмерлерин кесиптик майрамы – Илим күнү менен куттуктады.
Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:
Урматтуу окумуштуулар жана илим ишмерлери!

Сиздерди Илим күнү менен чын дилимден куттуктаймын! Илимдин өнүгүү деңгээли – коомдун өнүгүшүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн бири. Айрыкча, бүгүнкү күндө өлкө экономикасынын өнүгүшүндө илим тармагынын орду жана ролу чоң.
Учурда мамлекетибиздин атаандаштыкка жөндөмдүү болуусу, өнүгүүгө багыт алуусу үчүн илимге басым жасоо аракети көрүлүп келет. Ушундан улам, үстүбүздөгү жылдын август айында “Илим жөнүндө” жаңы мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, илим жаатында реалдуу реформа жүргүзүү милдети коюлуп, илимий жана илимий-техникалык уюмдардын өнүгүшү жана иштеши үчүн зарыл шарттарды түзүү, ошондой эле аларды оптималдаштыруу маселелери каралган. Ошону менен бирге илимдин ролун жогорулатууга жана илимий-техникалык, илимий-инновациялык ишмердүүлүктү жандандырууга, илимий чыгармачылыкты, илимий жана илимий-техникалык кызматкерлердин иштөө туруктуулугун камсыз кылууга басым жасоо жагы белгиленген.
Илимдин кадыр-баркын арттырып, илимий кадрларды күчтөөнү камсыздап, жогорку окуу жайларыбыздын эл аралык аброюн жогорулатууга мамлекет тарабынан да, коомчулук тарабынан да ар тараптуу көмөк көрсөтүү зарыл.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын окумуштууларынын илимий иштеринин жыйынтыктары менен натыйжалары иш жүзүндө колдонулууга тийиш. Илимди жана билим берүүнү интеграциялоону колдоодо өлкөбүздүн Билим берүү жана илим министрлиги жана Улуттук илимдер академиясы тарабынан иштелип чыгуучу жана ишке ашырылуучу ченемдик укуктук актылардын артыкчылыгы болушу керек.
Өлкөбүз илимий жетишкендиктерден куру эмес экенин белгилей кетким келет. Бул, албетте, биздин таланттуу, илимге берилген, жигердүү жарандык позициясы бар илимпоздорубуздун тынымсыз эмгегинин жыйынтыгы. Биздин окумуштууларыбыздын ишмердүүлүгүнүн жардамы менен өлкөбүздө медицина, энергетика, экология жана фундаменталдуу изилдөөлөр жаатында жакшы көрсөткүчтөргө жетишилди.
Урматтуу илим тармагынын өкүлдөрү!
Биз сиздер менен сыймыктанабыз. Сиздердин үзүрлүү эмгегиңиздердин жыйынтыгы өлкөнүн интеллектуалдык базасын толуктап, экономикабыздын өнүгүшүнө олуттуу салым кошо берерине бекем ишенебиз. Кыргызстандын өнүгүшүнө олуттуу салым кошо турган илимий ачылыштарды, албан-албан жетишкендиктерди жаратууңуздарга тилектешмин.
Сиздерге чың ден соолук, бакубат турмуш каалайм. Кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм.

От admin