Маданият министрлиги «фейктер» жөнүндөгү мыйзамдын негизинде «Клооптун» кыргыз тилиндеги ky.kloop.asia доменинде жайгашкан сайтын бөгөттөө чечимин кабыл алды.

Бул тууралуу аталган министрлик билдиргенин «Клооп» жазды жана мекеменин катынын көчүрмөсүн жарыялады.

“Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамынын 3-беренесине ылайык, сайттын же баракчанын ээси сайт же сайттын баракчасы убактылуу токтотулган мезгилде, интернет тармагына жаңы сайт же сайттын баракчасын ачууга укугу жок. Министрлик ky.kloop.asia сайтын “УКМКнын көрсөтмөсү. Саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганын кабарлады” деген материалдан улам ишмердүүлүгүн токтотууну өтүнөт», — деп жазылган катта.

Министрлик бул боюнча расмий маалымат бере элек.

«Клооптун» орус тилиндеги сайты 12-сентябрдан тартып жабылган. Ага «Саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганы кабарланды» деген материал негиз болгон. Атайын кызмат материал «чындыкка коошпойт жана УКМКнын аброюна шек келтирет» деп Маданият министрлигине кайрылган.

Бишкек шаардык прокуратурасы “Клооп” басылмасын жабуу боюнча сотко кайрылганы 28-августта белгилүү болгон. Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун арызында“Клооп” басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялай турганы” жазылган.

Прокуратура басылманын мындай маалыматтары “эл арасында терс маанай жаратып, айрым аймактардан элди көчүп кетүүгө аргасыз кылып жатканын” жүйө келтирген.

“Клооптун” башкы редактору Анна Капушенко бийликтин мындай аракетине мурдатан даярданып келишкенин, артка чегинүү болбой турганын билдирген.

От admin