9-ноябрь күнү саат 23:50дө Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылынын Горький көчөсүндө 2007-жылы туулган өспүрүмдү айдоочу сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.

Чүй облустунун жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгы билдиргендей, өспүрүм алган жаракатынан окуя болгон жерде көз жумган. Кылмышка шектүү катары БМВ Х5 унаасынын 1997-жылы туулган айдоочусу кармалып, милицияга жеткирилген.

От admin