Бүгүн, 10-ноябрда Жогорку Сотто «Вечерний Бишкек» гезитинин Kaktus.media басылмасына каршы доо арызы боюнча чечим чыкты.

Соттук коллегия журналист Диля Юсуповага буга чейинки эки инстанцияда салынган 500 миң сом айыпты 100 миң сомго түшүрдү. Ал эми басылманын өзүнө салынган 500 миң сом айып ошол бойдон калды.

Былтыр 29-декабрда Kaktus.media сайтына «Вечерний Бишкектин» кызматкерлери гезит 1-январдан тартып жабыларын билдиришти” деген макала жарыяланган.

“Вечерний Бишкек” бул макалада так эмес маалымат келтирилгенин билдирип, сотко кайрылган жана жалпысынан 50 миллион сомдук доо койгон.

Быйыл 23-майда Бишкектин Биринчи Май райондук соту макаладагы маалыматты чындыкка дал келбейт деп таануу тууралуу доо арызды жарым-жартылай канааттандырган. Басылманын журналисти Диля Юсупова 500 миң сом, «Промедиа Плюс» коомдук фонду (Kaktus.media басылмасынын ээси) 500 миң сом төлөөгө милдеттендирилген.

4-сентябрда апелляциялык арыз Бишкек шаардык сотунда каралып, райондук соттун чечими күчүндө калтырылган. Кийин Жогорку Сотко кассациялык арыз берилген.

“Медиа Полиси Институту” уюму Kaktus.media басылмасына коюлуп жаткан айыптын өзү мыйзамсыз болгондуктан сотто ал четке кагылышы керек деп эсептей турганын 7-ноябрда жарыялаган билдирүүсүндө белгилеген жана биринчиден, юридикалык жак моралдык зыян тартышы мүмкүн эместигин, экинчиден, доогер тарап басылма жалган маалымат жарыялаганын далилдеп бере албагандыгын айткан.

От admin