2023 06 08 12 56 23 940208

Бүгүн Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин жыйынында элди ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча иштер тууралуу маалыматтар айтылды.

Эл өкүлү Исхак Масалиев сүйлөп жатып мэриянын аткаминерлерине ишиндеги шалаакылык үчүн кылмыш ишин козгоо туурасында айтты.

«Дароо эле түшүп кетпейт да, алар суунун деңгээлин карап турушу керек эле. Саясатчыларды уккандан көрө аларга иш козгогула, себеби миллион калкы бар шаар суусуз калды. Эч ким билбей калдыбы? Бул — шалаакылык, ушул берене менен иш козгоо керек», — деген Масалиев.

Эске салсак, 2023-жылдын 7-июнунда Бишкектин түштүк-батыш тарабында Арча-Бешик конушунун жашоочулары нааразы болуп жолдутосуп алышкан. Андан кийин конуштун тургундарына «Тазалык» муниципалдык ишканасы суу ташып берген. Учурда бир катар конуштарга маал-маалы менен бензовоздоп суу жеткирүү уланууда.

Loading

От admin