2023-жылдын 21-23-июнунда Германия Федеративдүү Республикасынын Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргызстанга расмий сапар менен келет.
Ички иштер министрлиги мыйзамдуулукту жана укук тартибин тийиштүү деңгээлде камсыздоо боюнча чараларды көрүп жатат. Учурда коопсуздукту жана коомдук тартипти талаптагыдай камсыздоо максатында ыкчам штаб түзүлүп, ички иштер органдарынын күчтөрүн жана каражаттарын эсептөө иштери жүргүзүлүп, ага ылайык 2000 жакын милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздоого тартылат. Расмий иш-чаралар учурунда милиция коопсуздукту жана коомдук тартипти, жол кыймылынын коопсуздугун толук камсыздайт. Ички иштер органдарынын өздүк курамы күчөтүлгөн режимде кызмат өтөйт.
Расмий жана салтанаттуу иш-чаралар өтө турган жерлер өзгөчө көзөмөлгө алынат. Бул иш-чаралар учурунда жолдун айрым тилкелеринде унаалардын кыймылына чектөө киргизилет. Ушуга байланыштуу жарандардан көрүлгөн чараларга түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз.

От admin

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *