42 окуду
/Сокол Медиа/ — Бишкек шаарынын мэриясы ыштан арылуу боюнча пландары менен бөлүштү.
Калаа башкармалыгы абанын булганышы боюнча кезектеги жыйынын өткөргөн. Жыйында 2025-жылга чейинки жана узак мөөнөттүү — 2050-жылга чейинки пландар айтылды.
Мэрия шаардагы ыштан арылуу үчүн төмөнкү сунуштарды киргизди:
- быйыл беш жаңы конушту газга туташтырып, жылуулук берүүнүн альтернативдүү булактарын киргизүү. От казандарын газ менен иштетүүгө өткөрүп, шаарды жылытуунун башка булактарын, мисалы, жылуулук насосторун киргизүү;
- Бишкектин тургундарына үйдү келерки кышта Кара-Кеченин көмүрү менен жылытууга тыюу салуу, анын ордуна Казакстандын жогорку калориялуу көмүрүн ташып келүү;
- жаңы конуштардагы көмүр менен иштеген мончолордун ордуна 12 муниципалдык мончо куруу;
- 500 даана экологиялык коомдук транспортту сатып алуу жана алардын санын 1500гө чейин көбөйтүү. Бул транспорттун түрүнө жана таксилер үчүн өзүнчө тилке бөлүп берүү;
- автоунааларда катализаторлордун бар-жогун текшерүү;
- такси кызматы үчүн 500 даана бир түстүү электр унааларын сатып алуу. Бул үчүн инвестор талап кылынат;
- Бишкектин парк зоналарын 21,6 гектарга кеңейтүү, «жашыл коридор» куруу;
- башкы планды иштеп чыгуу менен Чүй облусунун эсебинен Бишкек шаарынын аймагын кеңейтүү. Бул түтүн менен күрөшүүгө кандай жардам берери азырынча белгисиз;
- тыгынды жоюу үчүн темир жолду, ошондой эле борбордо жайгашкан базарларды, автобекеттерди жана калкты тейлөө борборлорун шаардын сыртына жылдыруу;
- көп кабаттуу үйлөрдүн курулушун көзөмөлдөө, унаа тыгындарын кайрадан азайтуу максатында жаңы жолдорду кеңейтүү жана куруу;
- Энергетика министрлиги менен биргеликте ТЭЦ-2ни калыбына келтирүү.
Жыйында каралган бардык маселелерди мэр Эмилбек Абдыкадыров министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго билдирди. Ал өз сунуштарын жана сын-пикирлерин айтканы маалымдалган. Эскерте кетсек, өкмөт башчы ыш менен күрөшүү идеяларын буга чейин билдирген.