Социалдык тармактарда акыйкат издеген эне Далера Абдыкеримова президентке кайрылды. Анда ал уулун келини сайып өлтүргөнүн, бирок учурда боштондукта жүргөнүн айткан:

«Саламатсыздарбы урматуу Садыр Нуркожоевич урматуу Камчыбек Кыдыршаевич! Мен сиздерге адилеттүүлүктү чындыкты күтүп кайрылып жатам. Мен баласын жоготкон энемин, 2021-жылдын декабрь айында баламды аялы бычак менен сайып өлтүрүп, бычакты, полду жууп, бычакты алыс жерге алып барып каткан. Тергөөдө ушунун баары көрүнүп турса дагы врачтар аффекта деген заключение чыгарып берген. Иш кайра каралып сотко аффекта жок деген дело менен өтсө да, сот ошол нерсеге таяп баламды өлтүргөн аялды бир жарым жылда эркиндикке чыгарып жиберди. Бул жерде чындык болбой врачттар, соттор дагы сатылганы байкалып көрүнүп турат. Ошондуктан сиздерге кайрылып отурам. Бизде Кыргызстанда адам өлүм жазасы бир жарым жылга эле жазаланабы? Баламдын ишин жогорку соттон кайра карап, коррупцияга аралашкан врчтардын, соттордун ишин текшертип, көзөмөлдөп берүүңүздөрдү суранам.
Мен жалгыз бой энемин, баласынан ажырган сиздерден акыйкатты, адилеттүүлүктү суранам»,-деген ал.

От admin