Бүгүн, 16-октябрда Нарында окуучулар үчүн жаңы мектеп эшигин ачты. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын маалыматына караганда аталган К.Акыев атындагы билим уясын куруу иштери 2016-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Мектеп 2 кабаттуу 2 окуу корпусунан туруп, 225 орунга ылайыкташтырылды.
«Бүгүнкү күндө мектептин курулуш-монтаждоо иштери жана спорт зал корпусу толук бүткөрүлдү. Мектептин айланасын жашылдандыруу жумуштары да 100%га аткарылды», — деп жазды ал.

От admin