2023-жылдын 3-сентябрында болжол менен саат 05:00 чамасында Бишкек шаарынын Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан пица жана суши тармагын тейлеген кафенин бирине белгисиз адам кирип, ал жерден жумушчунун документтери (айдоочулук күбөлүгү, паспорту) жана акча каражаттары салынган сумкасын уурдап кеткен. Келтирилген жалпы чыгым 70 миң сомду түзөт.
ИИМдин Басма сөз кызматы билдиргендей, бул фактынын негизинде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгында Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иши козголду.
Көзөмөл камераларынан алынган жазууда адамдын коомдук тамактануу жайына кантип кирип, ал жерден бир нерсе издеп жүргөнү, бөлмөлөрдүн биринен сумканы уурдап, тез эле чыгып кеткени даана көрүнүп турат.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүнүн өздүгүн аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлдү. 2023-жылдын 13-октябрында Бишкек шаарынын Жибек-Жолу көчөсүндө жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө жаран Чүй облусунда жашаган 1982-жылы туулган Р.А. бул кылмышка шектүү катары кармалды. Бул жаран мурда бир нече жолу соттолгон жана кылмыш дүйнөсү менен тыгыз байланышы бар. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда уурулук фактысы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

От admin