Бишкекте аялды эки баласы менен өлтүрүүгө шектелген Чынтемир Ашыралиев сотто көрсөтмө берип,»мен өлтүргөн эмесмин» деп күнөөнү мойнуна албай жатканы кабарланды. Спутник ал сотто эмне дегенин жазды:

Алтынай эже “балдардын атасы жок” деген, “крестный отец” катары жардам берчүмүн. Ортобузда интимдик байланыш болгон эмес.

Ошол күнү мен келгенче ичимдик ичиптир. Балдарын урушуп атты, бир карасам кызын сабап, чачынан жулуп жатыптыр.

Бычакты кызы Сайкал дагы кармап турган. Ал “бизди балдар үйүнө берип сал” деп кыйкырып атты. Ошондон кийин эсимде жок. Өлүк жатканы эсимде.

Милиция чакырбай, коркуп, качтым окшойт. Кийинки күнү турнир бар болчу, үйгө барып, костюм кийип кеттим.

Алтынай эже балдарын көп урчу. Бир жолу кызына бычак менен тап берип, Сайкал ваннага жашынып калыптыр.

Алтынайды мен, балким Сайкал өлтүрдү. Ызы-чуу болуп жаткан.

Балдарды Алтынай эже өлтүрүшү мүмкүн…

Баланын өлүгүн көрүп, үстүн жаап, коркпосун деп оюнчугун жанына коюп койгом.

Биринчи көрсөтмөдөн баш тартам, анткени милиционерлер кыйнаган. Арак ичкем, өзүмдө эмес элем. Баштык кийгизип, сабашты. Мен өлтүргөн жокмун, кудай турат деп жаттым.

Мен өлтүргүм келсе таксиде, бет капчан кол кап кийип бармакмын. Аны азыр эч ким билбейт болчу.

Аялдан акча, унаа, квартира алды дегендин баары калп. Тескерисинче, ал мага 30 миң доллардай карыз.

Дары ичем, намаз окуйм, тренировка кылып эстегенге аракет кылам. Мен балдарды өлтүрмөк эмесмин, коргонуучу реакция болду окшойт.

Салим менин балам эмес, атасы ким экенин айтчу эмес.

Аялым маркум тууралуу билчу эмес. Мен көбүнө жардам берчүмүн, баарын айтпайм да.

Эске салсак, Бишкек шаарында эки балалуу аялды мыкаачылык менен өлтүргөн үрөй учурган кылмышка шектүү деп 36 жаштагы жаран кармалган. Шектүү 2021-жылы Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлигин койгону, жана УКМКнын мурдагы кызматкери экени маалым болгон.

От admin