Бүгүн, 13-октябрда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өтүп жаткан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) Мүчө-мамлекет башчыларынын кеңешинин (МБК) жыйынынын алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге мамлекеттер аралык сыйлык – КМШнын Ардак белгисин тапшыруу аземи болду.

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди КМШга мүчө-мамлекеттердин ортосундагы шериктештикти өнүктүрүүгө, достукту, ынак коңшулукту жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого кошкон зор салымы үчүн КМШнын Ардак белгиси менен сыйлады.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Шавкат Мирзиёевдин достук жана ынак коңшулук мамилелерди бекемдөөгө, коопсуздук менен жана туруктуулукту камсыз кылууга, Борбор Азия жана жалпы эле КМШ өлкөлөрүнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымына токтолду.

“Көбүнчө анын жеке аракеттеринин аркасында Шериктештикке мүчө-мамлекеттердин арасындагы мамлекеттер аралык мамилелерде бири-бирине болгон ишенимдин жана конструктивдүү кызматташуунун түп-тамырынан бери жаңы маанайы түзүлүп, өз ара соода жана инвестициянын өсүшүнө, өнөр жай кооперациясы, транспорт жана суу-энергетикалык инфратүзүм боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө болуучу жагымдуу чөйрө жаралып жатканын белгилегим келет”, — деп баса белгиледи президент.

Садыр Жапаров ошондой эле Шавкат Мирзиёевдин саясий эрки менен кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процесси аягына чыкканын айтты. Бул маселенин чечилиши кыргыз-өзбек кызматташтыгынын бардык чөйрөсүнө оң динамика кошуп, көп жылдардан бери ачык бойдон калып, чечилбей келаткан көйгөйлөрдү чечүүгө түрткү болду.

Ошону менен бирге, Мамлекет башчысы Өзбекстандын президентинин эбегейсиз ролун өзгөчө белгиледи. Анын жетекчилиги астында «Жаңы Өзбекстан» жаңы тышкы саясий стратегиясы ийгиликтүү ишке ашырылууда. Андагы конструктивдүү жана прагматикалык саясат КМШнын ийгиликтүү ишмердигине да өзүнүн түздөн-түз оң таасирин тийгизбей койбойт.

“Биз, баарыбыз, акыркы жылдары Өзбекстандын катышуусу менен КМШнын ишмердүүлүгүнө жаңы сапаттуу ыргак кошулганын көрүп турабыз. Кызматташуунун маанилүү багыттарынын ичинде Өзбекстандын Президентинин демилгеси боюнча транспорт коридорлорунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, регламенттер менен стандарттарды шайкеш келтирүү, макулдашылган тарифтик саясат жүргүзүү жана өз ара преференцияларды берүү жаатындагы маселелер ырааттуу чечилүүдө. Ошондой эле КМШ алкагындагы өз ара соода жүргүзүүгө болгон тоскоолдуктарды тез арада жоюу боюнча натыйжалуу чаралар көрүлүүдө”, — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы сөзүнүн аягында Шавкат Мирзиёевге КМШ өлкөлөрүнүн интеграциясына кошкон баа жеткис салымы жана Шериктештик мейкиндигинде ишкердик байланыштарды, ар тараптуу үзүрлүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган актуалдуу демилгелерди тынымсыз алдыга жылдырып келгени үчүн үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев аны сыйлоо боюнча демилгеси үчүн президент Садыр Жапаровго чын ниеттен ыраазычылык билдирип, сыйлык ал үчүн күтүүсүз болгонун, ошол эле учурда чоң жоопкерчилик экенине токтолду.

Шавкат Мирзиёев Өзбекстан бул сыйлыкты аванс катары кабыл алып, Шериктештикке мүчө-өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын айтты.

Өзбекстандын президенти Кыргызстан менен, тактап айтканда Садыр Жапаров менен эки тараптуу ишенимдүү жана жакшы мамилелерди канааттануу менен белгилеп, алардын биргелешкен күч-аракети менен 30 жылда башкалар жасай албаган нерсеге жетишкенин баса белгиледи.

От admin