Сүрөт интернеттен алындыСүрөт интернеттен алынды
11 / 100

Ош облусунун Араван районунда ымыркайдын жансыз денесин иттер сүйрөп жүргөнүн жашоочулар көрүп, милицияга кабар беришкен. Бул тууралуу Turmush басылмасы өздүк булактарына таянып билдирди.

Аталган маалыматты Ош облустук ички иштер башкармалыгы тастыктады. 28-июнь күнү саат 09:30 чамасында Араван райондук ички иштер бөлүмүнө С.Юсупова айыл аймагында талаада ымыркайдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул билдирүү маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган.

Текшерүү учурунда 2023-жылдын 28-июнь күнү эртең менен Араван районунун С.Юсупова айыл амагынын 59 жаштагы М.М. аттуу тургуну Курман айт намазына баруу үчүн өзүнүн турак үйүнөн көчөгө тарапка чыгып бара жатканда иттер топтолуп калган жерди байкаган. Ал жерге барган учурда эркек ымыркайдын жансыз денеси экенин көрүп, жансыз денени айылдын мечитине алып келип, окуя боюнча милицияга кабар бергендиги аныкталган.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу, райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги жана райондук прокуратуранын жетекчилиги барган. Ыкчам тергөө тобу тарабынан окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, схемалар чийилип, күбөлөр суракка алынган. Ымыркайдын жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертизага дайындалды.

Учурда окуя боюнча тергөө амалдары уланып жатат.

Loading

От admin