11-октябрдагы аукциондо «Альфа Телеком» ишканасы (мурдагы «Мегаком», азыркы «MЕГА» мобилдик байланыш компаниясы) 14 млрд 800 млн сомго сатылды. Компаниянын 100% акциясын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы сатып алды. Бул тууралуу маалымат http://auctionetp.gov.kg сайтына жарыяланды.

Буга чейин «Мегакомду» сатуу боюнча электрондук аукцион бир нече жолу кийинкиге жылган. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду муну аукционго катышууга арыз түшпөгөнү менен түшүндүргөн.

«Мегакомго» ээлик кылган «Альфа Телеком» ишканасын Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги 14,6 миллиард сомго баалап, 4-июлда сатыкка чыгарган.

Мунун артынан эле президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасында ишкана сатылганда деле мамлекеттин карамагында каларын жазган.

2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан кийин Убактылуу өкмөт «Альфа Телеком» компаниясынын 49% улутташтырган. 2014-жылы компания толук бойдон мамлекеттин карамагына өткөн.

2022-жылдын аягындагы «МЕГА» сатыкка коюла турган 30 ишкананын катарында экени, ал 19 миллиард сомго бааланганы маалым болгон.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев быйыл апрелде «MЕГА» компаниясы 14,6 миллиард сом деп бааланганын, мекемелер аралык комиссия бул бааны туура деп тапкан чечимин өкмөткө жөнөткөнүн, өзү ага каршы добуш бергенин маалымдаган. Эл өкүлү «байланыш компаниясы эми Максим Бакиевдин өнөктөшү, чуулгандуу иштерде аты аталган Алексей Ширшов артында турган ишкананын колуна өтүп кетерин» айткан.

Министрлер кабинети 2022-жылы 31-майда Мамлекеттик өнүктүрүү банкын түзгөн. Анын 100% акциясына Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду ээлик кылып, алгачкы уставдык капиталы 2 миллиард сом деп аныкталган.

2022-жылы декабрда Мамлекеттик өнүктүрүү банкына директор болуп Кыргызстандын жарандыгын жаңыдан алган орусиялык Евгения Судец дайындалган. «ПолитКлиника» басылмасы Судецтин күйөөсү Владимир Андросиктин Максим Бакиевге байланышын иликтеп чыккан. Бул маселе парламентте да көтөрүлгөн. Судец 14-апрелде өз арызы менен кызматын тапшырып, анын ордуна Улан Сарбанов келген. Май айында Сарбанов иштен кетип, анын ордун Талант Өмүралиев ээлеген. 6-октябрда бул кызматка Медер Темирбеков дайындалганы кабарланды.

От admin