2023-жылдын 11-октябрына карата Израилдин аймагында кырдаалдын курчушунун натыйжасында жабыр тарткандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын элчилиги (резидентциясы Түркиянын Анкара шаарында жайгашкан) тарабынан Израилде жашаган Кыргызстандын жарандарына телефон чалуу жүргүзүлүүдө жана актуалдуу тизме түзүлүүдө.

«Учурда тизмеде 90 ашуун адам бар, алардын ичинен 20дан көп жаран Израилдин аймагынан чыгып кетүүнү пландап жатат. Аларды аталган өлкөдөн сыртка алып чыгуу мүмкүнчүлүгү иштелип жатат», — деп айтылат маалыматта.

Элчилик буга чейин күнү-түнү иштеген «ишеним телефону» ачылганын жана Израилдеги Кыргызстандын жарандарына көмөк көрсөтүү маселелери боюнча Ыкчам штаб түзүлгөнүн эскертет.

Израилдин компетенттүү органдары, Израилдин Анкарадагы элчилиги, ошондой эле бир катар өлкөлөрдүн Тель-Авивдеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен байланыш жумуштар улантууда.

Кыргызстандын Израилдеги элчилиги Израилде жашаган кыргызстандыктардан коопсуз жайларда болууну жана өлкөнүн аскердик кагылышуу болуп жаткан чек ара аймактарына барбоону өтүнөт.

Ишеним телефондорунун номерлери (күнү-түнү):

+90 5456896800 (Элчиликтин номери),

+972 533214916 (Кыргыз Республикасынын Израилдеги Ардактуу консулу).

От admin