12 / 100

Кыргызстандык куткаруучулар Габала шаарында «Жаш куткаруучу» аталышындагы эл аралык мелдешке катышууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, мелдеште жаш куткаруучулар өрт эстафетасы, тилкедеги тоскоолдуктарды жеңип өтүү, издеп-куткаруу боюнча күч сынашып, өз өлкөсүнүн бай тарыхын, маданиятын, жаратылышынын өзгөчөлүгүн көрсөтмөлөр аркылуу даңазалашууда.

Учурда Кыргызстандын атынан барган жаш куткаруучулар командасы атаандаштардын арасында жогорку даярдыгын жана күчтүүлүгүн көрсөтүүдө. Мелдештин өрт эстафетасы жана тилкедеги тоскоолдуктарды жеңип өтүү түрүндө ишенимдүү түрдө 3-орунду багындарышты. Алдыда дагы издеп-куткаруу боюнча катышуу күтүп турат.

Белгилей кетсек, мелдеш 23-июндан 3-июлга чейин өтөт.

image 22
image 23
image 24

Loading

От admin