1190150.6ae51ab5f368311c8bc242285d2afe8e
9 / 100

Ош шаарында 1-июлдан тарта таштанды чыгаруунун баасы кымбаттайт. Бул тууралуу шаардык кеңештин токтомунда айтылат.

Батирлердин жашоочулары айына 35 сомдон, ал эми жеке үйлөрдүн жашоочулары 40 сомдон төлөшөт. Буга чейин тариф 25 жана 30 сомду түзгөн.

Белгилей кетсек, кызматтын баасын көтөрүү чечими Ош шаардык кеңешинин 20-июндагы кезексиз сессиясында кабыл алынган.

Эске салсак, Бишкекте 1-февралдан тарта катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгууга тариф көтөрүлгөн.

Loading

От admin