“Эне–балага тирек” коомдук фондуна Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги 9 млрд сом которгон деген маалымат туура эмес. Бул тууралуу аталган фонддун маалымат кызматынан билдиришти.
Фонддун ишмердүүлүгүнө байланыштуу айрым ЖМКларда тарап жаткан маалыматтарга байланыштуу “Эне–балага тирек” КФ төмөнкүлөрдү билдирет:
«Кытай элчилиги фонд менен биргеликте Баткен облусундагы социалдык долбоорлор, кондитердик жана тигүү цехин ачуу, мектептер үчүн заманбап интерактивдүү такталарды сатып алууга 9 млн 112 миң 267 сомдук жардам көрсөткөн.
Ал эми Чакмак Мемет аттуу жаран тарабынан 563 миң 610 сом, “Ас-Сафа” фонду майыптар үчүн 1 млн 315 миң 250 сомдук материалдык жардам, тактап айтканда, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн коляскаларды берген.
Андыктан, айрым маалымат ресурстарында тарап жаткан милларддык акча каражаттары тууралуу билдирүүлөр чындыкка дал келбей турганын маалымдайбыз.
Иликтөө даярдагандар экинчи тараптын пикирин эске алып, тактоо кылган эмес. Биз, кызыккан массалык маалымат каражаттарына бул цифралар тууралуу маалыматты көрсөтүп, түшүндүрмө бергенде даярбыз».

От admin