Кечээ, 19-сентябрда блогер Гүлзат Мамытбек социалдык тармактагы баракчасына ыйлаган видео жүктөп, анда ал иш-чарада сүйлөп жатканда анын микрофонун Санжар Мыкыев менен Нурсултан Майназаров өчүрүп салышканын айткан.

«Мени алар өзүлөрү чакырган. Жарнама боюнча жардам сурашкан, жардам бергем. Биздин казак боорубуз суроо берди. «Биздин конференция жагып жатабы?» деп суроо берди. Мага чейин бир кыз сүйлөдү. Мен сүйлөйүн деп жатсам, кыргыз боорлорум микрофонду өчүрүп салышты. Мен түшүнбөй калдым. Уюштуруучулар чуркап келип, микрофонду алып алды. Мен Санжар Мыкыевге эмне кылдым, Нурсултан Майназаровго кандай жамандык кылдым түшүнбөйм… Аял кишинин үнү жокпу? Эмнеге андай мамиле кылышты?» — деди ыйлап ал.

Уюштуруучулар жана аты аталган алып баруучулар окуя боюнча үн катыша элек.

От admin