Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын мүчөлөрү Айпери Медет кызы жана Калмира Билимбек кызы Дүйнө чемпионатында биринчи атаандаштарын утту.

Айпери Медет кызы 76 кг чейинки салмактык категорияда күч сынашып, биринчи атаандашы болгон румыниялык спортчу Каталина Аксентени 11:0 эсебинде жеңди.

Ал эми 57 кг чейинки салмактагы Калмира Билимбек кызы кореялык Youngjin Kwon аттуу балбанды 14:3 эсебинде артта калтырды.

Мелдешке Айпери Медет кызы 1/16 финалдан тарта катышса, Калмира Билимбек кызы 1/32 финалдан баштап катышты.

Белгилей кетсек, күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 16-24-сентябрь күндөрү Сербиянын Белград шаарында өтүүдө. Аталган мелдеште 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулууда.

От admin