Социалдык тармактарда сүрөтү туура эмес басылып чыккан китеп талкуу жаратууда. Кеп 3-класстын окуучулары үчүн даярдалган «Дил азык» китеби тууралуу болуп жатат.

Анда бала менен чоң атанын сүрөтүндө үчүнчү кол ашыкча тартылып калган. Аталган китеп «Илим пресс» басмаканасында басылып, түзүүчүлөрү Батма Абдухаимова, Сулайман Рысбаев, Кенжеке Ибраимова.

Видеонун автору китеп басылаарда бир карап, текшерип койсо болот беле деген.

От admin