9db7a7e0 2250 44b3 9c20 aff4d986cc34
7 / 100

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын коомдук көчмө кабылдамалары жарандар менен алар жашаган аймактарда жолугушууларды уюштуруп, зарыл учурда арыздарын, сунуш-пикирлерин алууну улантышууда. Ушундай иш-чара учурунда социалдык жактан оор шартта жашаган 2 үй-бүлө маалым болгон.
Бүгүн ошол эки үй-бүлөдөн Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары милициянын полковниги Акылбек Бекишев кабар алды. Бул бүлөлөрдүн ал-абалы менен таанышып, милиция кызматкерлеринин атынан жардам көрсөттү. «Милициянын көчмө кабылдамасы аркылуу Сиздердин бүгүнкү күндөгү социалдык абалыӊыздар тууралуу маалымат алдык. Жардам көрсөтүүнү чечтик. Буюрса мындан ары дагы колдон келген жардамыбызды аябайбыз. Ар дайым ден-соолукта, амандыкта болуӊуздар»,-деди милициянын полковниги Акылбек Бекишев. Жардам алган жарандарыбыз дагы жардам колун сунган милиция кызматкерлерине ыраазычылыктарын айтышып, баталарын беришти.
Бул үй-бүлөлөр тууралуу маалыматтар атайын социалдык жактан коргоо мекемелерине жөнөтүлдү. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы ушул сыяктуу муктаж адамдарга камкордук көрсөтүүнү уланта бермекчи.
Ош шаарында учурда милициянын 4 коомдук кабылдамасы иш жүргүзүп келет. Ушул жылдын беш ай аралыгында 137 ирет аймактарга чыгышып, 299 жаранды кабыл алышкан. 211 жаранга юридикалык жардамдар көрсөтүлгөн.

image 16

Loading

От admin