030848cb b383 4607 bc1e f9abfb7988a6
12 / 100

2023-жылдын 22-24-июнь күндөрү Бишкектеги “Динамо” спорт комплексинде, кызмат учурунда курман болгон милициянын генерал-майору Чыныбек Алиевдин жаркын элесине арналган футбол боюнча ИИМдин Кубогу үчүн мелдеш болуп төттү.

Мелдештин жүрүшүндө 14 команда 4 топко бөлүнүп, курч таймаш көрсөтүшүп, биринчилик үчүн мыкты командалар иргелип отурду. Баш байге үчүн Ош ОИИБнын жана ИИМдин Күзөт кызматынын командалары беттешип, негизги убакытта 0:0 эсебинде тең чыгышты.

Жеңүүчүнү аныктоо үчүн пенальти — жекме-жеке топ тебүү чыңалууну жаратып, улам бири жыдыбай таамай тээп, күйөрмандар сүрөөнгө алып турушту.

Акыркы топту ИИМдин күзөт кызматынын дарбазачысы киргизип командасын жеңишке жеткирди.

Бул мелдеште биринчи орунду камсыздаган ИИМдин Күзөт кызматына медал, диплом, акчалай сыйлык жана ИИМдин Кубогу тапшырылды.

Экинчи орунду ээлеген Ош ОИИБнын командасы күмүш медалдар, дипломдор жана акчалай сыйлыкка арзыды.

Ошондой эле бул биринчиликте 3-орунга жетишкен ИИМдин Атайын багыттагы полкунун командасына да байгелер тапшырылды.

Оюндун жүрүшүндө командалардын ичинен мыкты оюн көрсөткөн оюнчуларга да «Мыкты оюнчу», «Мыкты чабуулчу», «Мыкты коргоочу» жана «Мыкты дарбазачы» наамдары ыйгарылды.

image 13
image 14
image 15

Loading

От admin