Ысык-Ата районуна караштуу Ысык-Ата айыл аймагынын Алмалуу айылындагы жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты кайра мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган айыл аймакта бала бакча маселеси көп жылдардан бери курч болуп келет. Имараттын ээси Капар Кыдыров каза болуп калган. Анын жубайы Калиман Кыдырова бала бакчаны айыл өкмөткө өткөрүп берүүнү туура көргөн.
Эми бала бакчанын имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү пландалып жатат.
Ал эми Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Аскат Төлөгөновдун айтымында, айыл аймакка караштуу 9 айылда тең бала бакча жок.
«Аталган бала бакча 1977-жылдары 9 айылдын балдары үчүн курулган. Имарат 2 кабаттуу болуп курулуп, 140 орунга ылайыкталган. Ал эми жеке менчикке 1996-жылы өтүп кеткен», – деди ал
Ысык-Ата айыл аймагынын курамындагы айылдар:

  1. Карагай-Булак;
  2. Тогуз-Булак;
  3. Тоолуу Серафимовка;
  4. Алмалуу;
    5.Норус;
  5. Жогорку Ичке-Суу;
  6. Үч-Эмчек;
  7. Ичке-Суу;
  8. Таш-Башат.

От admin