Red Petroleum май куюучу жайы уюштурган чоң ойнотуусунун жеңүүчүлөрүнө белектер тапшырылды.

Белектерди коммерциялык директордун орун басары Сымбат Каниметова тапшырды.

Акцияда башкы байге катары Artwin жана Rich Town курулуш компаниялары менен биргеликте Бишкек жана Ош шаарларындагы бир бөлмөлүү эки батир ойнотулган. Жыйынтыгында Бишкек шаарындагы бир бөлмөлүү батирди Шеримжан Жоробеков, ал эми Ош шаарындагы батирди Алина Туратова жеңип алган.
Акциянын алкагында батирлерден сырткары, дагы башка баалуу белектер ойнотулган. Жыйынтыгында, 5 адам Тайландга жолдомого, 10 адам – планшетке, 10у– ноутбукка жана 10у – LG маркасындагы телевизорго ээ болду.
Эске сала кетсек, акция 2023-жылдын 5-майында башталып, 2023-жылдын 25-августуна чейин уланган. Жеңүүчүлөр 25-августта түз эфирде рандомайзер тиркемеси аркылуу аныкталган.

От admin