КР Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдиргендей, ишкана Кыргызстандан товар ташууну эки жумага токтотту, буга казак тараптын айрым документтерди көрсөтүү талабы себеп болгон.

«Күн сайын Wildberries 5 тоннадан ашык товар жөнөтөт, жалпы суммасы 25 миң доллардан ашат жана бул башталышы гана. Мындай жагдай бул платформа аркылуу иштеген кыргызстандыктардын кирешесине олуттуу таасир этиши мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.

КР Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев Wildberries компаниясынын өкүлү Максим Губанов менен жолугуп, аталган платформа аркылуу Кыргызстандан товарларды ташууга байланышкан олуттуу көйгөйлөрдү талкуулап, көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Аба каттамы жана темир жол аркылуу товарларды жөнөтүү сунуштары берилди. Алдыда бул варианттардын баары кылдат изилденет.

От admin