Басылып чыккан жана басууга даярдалып жаткан окуу-методикалык комплекстер же окуу китептеринин баары эле Билим берүү жана илим министрлигине тиешелүү эмес экендигин Билим берүү жана илим министринин орун басары Бекжан Супаналиев 7-сентябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди. 

«Алардын айрымдары жеке басылмаларга таандык. Автордук укук жана чектелген укуктар мыйзамы менен жөнгө салынат. Мындан тышкары, жеке юридикалык жак каржылык пайда көрүү максатында жасалма окуу китептерин чыгаруу жана сатуу менен алектенсе, анда ал мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат», — деди Супаналиев.

От admin