Ооруп калып ишке чыкпаган кызматкерлердин диагнозун жазып берген маалым катты эми онлайн алса болот. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, аны үчүн Tunduk порталына кирип, «Ден соолук» бөлүмүнө өтүп, «Убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы» бөлүмүн тандоо керек. Медиктер бейтаптын дарыланганы тууралуу маалыматты ошол жакка жайгаштырып коёт.

Ошондой эле, эмгекке жарамсыздык баракчалары жөнүндө маалымат Санариптик ден соолук профилинде да бар. Баары кагаз жүзүндө берилген баракча менен бирдей макамга ээ.

«Медициналык мекемелерде мындан ары алар атайын маалыматтык системанын жардамы менен толтуруп, өткөрүп жана сакташат. Жарандын жеке маалыматтары маалыматты коргоо жана анын купуялуулугун сактоо үчүн бардык зарыл шарттарды камсыздаган. Диагнозу тууралуу маалымат үчүнчү тараптарга берилбейт жана көрө алышпайт», — деп айтылат маалыматта.

Министрлик медициналык документтерди кагазсыз жүргүзүү иштери этап-этабы менен жүрүп жатканын кошумчалады.

От admin