Кыргызстанда жарандар ишеним телефон аркылуу билим берүү тармагындагы түрдүү көйгөйлөрдү билдире алат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өлкөдөгү билим берүү жаатындагы бардык маселелер боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин бирдиктүү ишеним телефону иштей баштады. Маалыматка ылайык, эми жарандар +996 999 80 05 00 номуруна байланышып, суроолоруна жооп ала алышат.

«Ишеним телефон аркылуу мектептерде акча чогултуулар тууралуу, жана башка көйгөйлөрдү ошондой эле арыздарды билдирсеңиз болот. Бала бакча, мектеп, лицей, колледж, университеттеги көйгөйлөр менен кайрыла аласыздар. Фото жана видео далилдерди дагы жиберсеңиздер болот», — деп айтылат маалыматта. Ишеним телефону күнү-түнү иштейт.

От admin