Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттерде 29-августта кезек күтүү жок экенин билдирди. Учурда бекеттер штаттык режимде иштеп жатат.

Кезек күтүүлөрдүн азайышы 28-августта байкалган. Бул күнү бир гана «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде тыгын болуп, 140 автоунаа кезек күтүп турган.

«29-август саат 10:00гө алынган маалымат боюнча «Ак-Тилекте» да кезек күткөндөр жок», — деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттерде кезек күтүүлөр 20-августтан баштап пайда болгонун билдирген. Мекеме мындай абал үчүн Казакстанды «Евразия экономикалык биримдиктин принциптерин сактабай жатат» деп айыптаган.

Казакстандын Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекетинде эч кандай чектөө жок экенин, чек арада мыйзамсыз ишмердикке каршы иш-чаралар жүрүп жатканын жарыялаган.

25-августта Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) министри Арзыбек Кожошев Астана кыргыз-казак чек арасындагы жагдайды териштирүү үчүн түзүлгөн байкоо тобунун расмий кайрылуусуна жооп бере электигин айткан.

26-августта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстан менен чек арадагы жагдайды жөнгө салууну тапшырганы маалым болгон.

Кыргызстандан сыртка жүк негизинен Казакстан аркылуу ташылат. Казак тараптагы ар кандай чектөөлөрдөн улам жүк ташууда байма-бай түйшүк жаралып келет.

От admin